Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:10

Алайлыктар И.Исаковдун иши Аскер сотунда каралышын күтөт


Эгерде генерал Исмаил Исаков акталбаса нааразылык акциясын кайра улантышарын айтышууда. Бул тууралуу “Азаттыктын” Оштогу кабарчысы билдирди. Маалыматка караганда кечээ (3-февралда) И.Исаковдун боштондугу жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен Сопу Коргондо жүз элүү адам, 20 чакты атчан, Бүлөлү айылында 50 чакты адам, 60тай атчан митинг уюштурушту. Алар бийликтен айыпталып жаткан саясий ишмерлерди толук актоону жана Алай районунан чыккан депутаттар Ажибай Калмаматов менен Нургазы Айдаровду нааразылык акциялары боюнча бийликке туура эмес маалымат берип жатканын сынга алып, алайлыктардан кечирим суроону талап кылышты.
“Ак жол” фракциясынан депутат Нургазы Айдаров ага коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин, Алайдагы акция жөнүндө эч кандай маалымат бербегенин “Азаттыкка” билдирди.
Ал эми жактоочу Азимбек Бекназаровдун айтымында, И.Исаковдун аппеляциялык арызы 10-февралда Аскер Сотунда каралышы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG