Президенттин маалымат кызматынын билдиришинче Ынтымак курултайын уюштуруу комитети президенттин квотасы боюнча делегаттыкка талапкерлерди каттай баштады. Делегаттар көркөм өнөр, маданият, илим, билим берүү, медицина ишмерлеринен, бизнес-жамааттардан, коомдук ишмерлерден, этно-маданий жамааттардын өкүлдөрүнөн чакырылат. Талапкерге байланышкан маалыматтар аны жиберген уюмдун сунушунун, сүрөтүнүн, өмүр баянынын, паспорт көчүрмөсүнүн негизинде 24-февралга чейин кабыл алынат.
Президент 21-январда жарыялаган жарлыгына ылайык Ынтымак курултайы 23-мартта Бишкекте өтөт жана ага 750 делегат катышат. (BuS)
Президент 21-январда жарыялаган жарлыгына ылайык Ынтымак курултайы 23-мартта Бишкекте өтөт жана ага 750 делегат катышат. (BuS)