Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:10

Бөлүштүргүч компаниялар кимге сатылды?


Өткөн жылы 29-декабрда “Түндүкэлектрону” сатуу боюнча конкурс өткөрүлгөн. Бул ишкананын сатуу боюнча өкмөттүк комиссиянын мүчөсү, мүлк министрлигинин статс-катчысы Сүйөркул Бакировдун маалыматы боюнча, конкурска Россиянын “Якутспецгидро” компаниясы, Казакстандын “Алматаэнерго”, Кыргызстандан “Спецэнерго” акционердик коому катышкан. Бул конкурстун жыйынтыгы ушул кезге чейин расмий түрдө маалымдала элек. Министрликтин кызматкерлери маалыматы жоктугу тууралуу гана билдирүүдө. Ал эми жергиликтүү маалымат каражаттары “Түндүкэлектронун” сатылганы тууралуу маалымат таратууда. Бирок конкурска мурда катышканы айтылбаган “Чакан ГЭСтин” да катышканы тууралуу кабар таратууда. Бул ишкананын артында белгилүү Алексей Ширшов турганы тууралуу маалымат бар. Ал учурда “Дастан” ишканасынын директорлор кеңешинин төрагасы.

1-февралда “Ошэлектро”, “Чыгышэлектро” жана “Жалал-Абадэлектрону” сатып алуучулардан документтерди алуу соңуна чыккан. Бирок тендерге кайсы компаниялардын катышканы боюнча да эч кандай маалымат берилбей жатат.(AiT)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG