Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:34

Тимошенко Януковичке эскертүү жасады


Украинада премьер-министр, президенттикке талапкер Юлия Тимошенко атаандашы Виктор Янукович шайлоону бурмалаганга аракет кылса, массалык демонстрация уюштураарын эскертти. Тимошенко менен Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович ушул жекшембиде президенттик шайлоонун экинчи айлампасында беттешмекчи. Тимошенко Януковичти президенттик шайлоонун экинчи айлампасын өткөрүүгө тоскоолдук кылып жатат деп айыптаган. Кечээ Региондор партиясынын аракети менен өлкөнүн парламенти Шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүү киргизди. Ага ылайык, шайлоо комиссиялары өкүлдөрүнүн жарымы болсо, иштей алат. Буга чейин комиссияларда кызматкерлердин үчтөн экиси болбосо, иштей албайт деп айтылган болчу. Бул дегени "добуштарды бекитүү үчүн шайлоо комиссиясына кворумдун кереги жок" дегенди билдирет. Жаңыртылган мыйзамга бүгүн президент Виктор Ющенко кол койду. Бүгүн Киевдеги маалымат жыйынында Юлия Тимошенко: “Непада Янукович шайлоону бурмаланга аракет кылса, экинчи “саргылтым ыңкылапты жасайм”, - деп эскертти.

XS
SM
MD
LG