Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:53

C. Мелникофф: Кыргызстанды сотко берүүгө аргасызмын


Жогорку Кеңештин “Ак жол” фракциясы америкалык фотосүрөтчү Сергей Мелникоффтун сүрөт көргөзмөсүн уюштурууга тыюу салууну өкмөткө сунуштады. Буга чейин мындай демилгени СДПФ да көтөргөн. Мелникоффтун “Кыргыз жери” аттуу көргөзмөсү 11-февралда Бишкектеги көркөм-сүрөт музейинде башталмак. Бул чатактын төркүнүн сурап "Азаттык" Сергей Мелникоффго бир катар суроолор менен кайрылды.

- Мелникофф мырза, кечээ (3-февралда) парламентте “Ак жол” фракциясынын чечиминен кийин кандайдыр бир тараптар, балким, музей жетекчилиги менен сиздин Бишкектеги көргөзмөңүз боюнча сүйлөшүүлөр жүрдүбү?

- Эч кандай сүйлөшүү болгон жери жок. Биз расмий жооп күтүп атабыз. Кырдаал көзөмөлсүз өнүгүп баратат. Бул президенттин айланасындагы адамдардын компетентсиздигинен болду. Мен жөнүндө расмий эмес маалыматтарды алышкан, интернеттен, блогдордон. Менин расмий көлөмдүү өмүр баяным Американын “Who is who” басылмасына чыккан.

Кыргызстандын маалымат каражаттары Мелникоффтун жанына эле шылуун дегенди жазып атышат. Мен эки үстөлү, бир эски компьютери бар гезиттер менен соттошкум келбейт. Эгер бул чатак ырбап кетсе биз мамлекетти эл аралык сотко берүүдөн башка жолду көрбөй атабыз.

- Кетүүгө камынган жоксузбу? Мен азыр көргөзмөнүн мындан аркы жагдайына кызыгып атам.

- Мен кечээ (3-февралда) өзүмдүн элчилигиме, Кыргызстандагы АКШ элчилигине кайрылдым. Ага көргөзмө менин жеке чечимим менен келбегендиги боюнча документтердин бардыгын бердим. Юридикалык жардам сурадым. Эгер элчиликтен жардам болбосо Мамлекеттик Департаментке кайрылам.

Көргөзмөнү бир учурда Дүйнөлүк Банктын Вашингтондогу кеңсесинде жана Бишкекте уюштуруу боюнча сүйлөшүү бир жылдан ашык жүргөн. Бизде толтура документтер бар. Алардын айрымдарын силерге да бердим. Президенттин атынан анын кеңешчиси Айдаралиев мырзанын (ошол кезде кеңешчи болчу) чакырыгы бар. Кыргыз элчисинин Кыргызстандын жаратылышы жөнүндө Дүйнөлүк Банктын эки залында фотокөргөзмө уюштурууга макулдук бергени тууралуу нотасы бар. Бишкек менен кат алышууларым бар. Бишкекке жазда, жайда кошумча иштөөгө келгенде Тышкы иштер министрлигинен Америка бөлүмүнүн башчысы мага расмий куратор болчу, аты-жөнү эсимде жок.

Көргөзмөнүн айланасында укмуш кызык окуялар болуп атат. Бул ирет Бишкекке келгениме 3 ай болуп калды. Кыргызстандын жаратылышы, туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу эки тилде, 300 беттик, эки метрлик тиркеме панорамалары менен белек - альбом даярдадык.
Бул альбом боюнча бүтүндөй бир редакция иштеди. Ал жерде премьер-министр Данияр Үсөновдун, Кыргызстандын АКШдагы элчиси Замира Сыдыкованын, ошол кездеги Туризм агенттигинин башчысы Турусбек Мамашовдун макалалары бар.
Биз Кыргызстандын туризмин дүйнөлүк белдүү деңгээлге көтөрүүгө багытталган бир топ долбоорлорду жыйдык.

- Айтсаңыз, сиз көп өлкөлөрдү кыдырган адам экенсиз. Кыргызстанга кантип келип калдыңыз?

-
Мен силердин өлкөнү дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири деп санайм.
Мен Кыргызстанды 18 жылдан бери тартып келатам, жакшы көрөм. Кыргызстанды кыргыздын өзүнөн жакшы билем.
Силердин бардык анклавдарды, Эңилчектен тартып Хан Теңири, Жеңиш чокуларына, Ошко, Сары-Челекке чейин билем. Бүтүндөй Кыргызстан таанымал мага. Мен силердин өлкөнү дүйнөдөгү эң кооз өлкөлөрдүн бири деп санайм.

- Сиз Акаевдин бийлиги учурунда да болгон экенсиз Кыргызстанда. Акаев менен тааныштыгыңыз бар беле?

- Ооба мен аны менен тааныш болчумун.

- Сизди Аксы окуясында мерт болгондордун укуктарын коргоочуларга каршы чыккан деген кеп айтылып жүрөт...

- Мындай маалыматты сиз кайдан алып атасыз? Бул жеңил баа прессадан го. Мен Совет доорундагы диссидентмин. Сөз эркиндиги үчүн 7 жыл түрмөдө отурган кишимин. Беш жыл лагерде, эки жыл жалгыз камакта отургам. Мен өз эркиндигин коргогондорго каршы чыгамбы?

- Демек бул туура эмес деп эсептейсиз?

- Бул карандай калп.

- Сиз кыргыз саясатчыларына кандай баа бере аласыз?

Президентке туура эмес маалымат берип, кимдир бирөөлөр бул чатакты пайдаланып кетишти.
- Комментарийим жок. Хайяттын маңдайында музейде көргөзмө тууралуу 18 метрлик баннер эки ай илинип турганда эч ким кызыккан эмес, парламенттегилер, башкалар. Чатак чыккан эмес.
Мен президентти кошпогондо бардык бийик тепкичтеги бийлик өкүлдөрү менен жолугушуп жүрдүм. Баннер маданият агенттиги киргизилип, кайра тагылгандан төрт сааттан кийин маданият жетекчисин алып салышты.
Президентке туура эмес маалымат берип, кимдир бирөөлөр бул чатакты пайдаланып кетишти. Мен силердин парламенттин жаратылыш жөнүндөгү көргөзмөнү талкуулаганга убакыт тапканына таңдандым.

- Саясатка, дипломатияга кандай мамиледесиз? Сиз көп өлкөнү кыдырган экенсиз. Канткен менен ал өлкөлөрдүн лидерлери менен мамиле түзүүгө туура келет да?

- Саясатчылар менен мамиле түзбөйм деле. Мен эмгегимди эле сатам. Галереям бер, басылма менен иштейм, үстөлгө койчу кадыр-барктуу календарларды чыгарам. Америкадагы кабелтең соода тармагына товар жеткирем.
Мен тоо боюнча фотограф катары таанылгандыктан, тигил же бул тоолуу өлкөгө келгенде ал жердин бийлиги жардамдашышат, анткени, кооз сүрөттөр жакшы таратылат, рекламалайт ал өлкөнү.

- Сизди русофобиялык көз караштагы адам катары сындап атышат...

- Бул эми доомат коюуга ыңгайлуу универсалдуу каражат. Андан кутулуу кыйын.
Мен Орусия бийлигине сынчыл көз карашымды жашырбайм. Бирок бул мени менен Орусия бийлигинин ортосундагы иш. Кыргызстан эмне үчүн бул ишке киришти?
Мен эч качан Кыргызстандын аймагынан сын-пикир айткан эмесмин. Мен чет өлкөлүк жаранмын, үч университеттен алган билимим бар, журналистмин дагы, эмне айтышты-коюшту жакшы билем. АКШ аймагында ал жердин мыйзамдары боюнча жооп берем.
Мен эмнени ойлосом ошону айтам. Аны кандай чечмелейт, ал Орусиянын иши.

- Мен Грузиянын сайттарынын бирине чыккан интервьюңузду окудум. Ал жерде Орусияга, орустарга карата өтө кескин пикирлер айтылган экен.

- Туура. Бул Грузия менен согуш учурунда берилген интервью. Мен аны тастыктайм. Ал менин жеке пикирим. Өз оюмду айтууга акылуумун. Мен Кыргызстандын парламенти менин жеке пикирим үчүн кине коюп жатканын түшүнбөйм.

- Кыргыз парламентиндеги депутаттар Орусия менен Кыргызстандын стратегиялык мамилелерине зак кетип калат деп чочулап жатышат. Сиздин көргөзмөңүзгө байланыштуу чыккан бул окуя кыргыз-америка мамилесине шек келтирбейби, кандай дейсиз?

Мен Кыргызстандын парламенти менин жеке пикирим үчүн кине коюп жатканын түшүнбөйм.
- Бул маселени башкача чечсе болмок. Мени чакырып, кайда чакырса дагы көргөзмөнүн форматы, ачылышы тууралуу сүйлөшсө болмок экен. Бул жасалбай эле чатак механизми иштеди.
Бул мен үчүн да, Раев (ушул жаңжалга аралаш кызматынан алынган маданият агенттигинин мурдагы жетекчиси. - ред.) үчүн да, менимче, президент үчүн да күтүүсүз болду. Бул кыргыз-америка мамилелерине жаман таасирин тийгизет.

- Султан Раевдин көргөзмөгө канчалык тиешеси бар?

- Тиешеси жок эч кандай. Ал мени өмүрүндө эки жолу көрдү. Туризм агенттиги жабылгандан кийин албетте, Маданият агенттиги тейлеши керек болот деп, мен Раевге сунуш менен келдим. Мен жарнактарга бул көргөзмөнү Маданият агенттиги көргөзөт деп жазайын деп айттым.

- Контрактта Тышкы иштер министрлигинин кандай салымы бар?

- ТИМдин тиешеси жок. Бардык документтер президенттин кеңешчиси аркылуу президенттин аппараты аркылуу өткөн.
Мен сизге дагы бир жагдайды айтайын. Өткөн жайда президенттин кеңешчилеринин бири менен биздин аскерий базанын командачысына көргөзмөнү Пентагондун учактарынын бири менен ташып келүү боюнча расмий кайрылдык.
Мен мамлекеттин чакырыгысыз өзүм ушуну жасай алат белем?

- Сизде Бишкектеги көргөзмөнү ачуу үмүтү калдыбы?

- Мен бул суроону Кыргызстанга жолдойт элем. Бул көргөзмө силердин өлкө, силердин жаратылыш жөнүндө. Ал силердин туристтик мүмкүнчүлүктөрүңөрдү даңазалайт. Мен бул көргөзмөнү Кыргызстанга белекке берип атам. Бул чынчыл, алда канча жөн билги өнөктөш катары өзүн көрсөткөн АУБ фонддун менчигине калат.

Мельникофф тарткан сүрөт: Теңир-Тоо (Тянь-Шань) тоолорундагы көчмөн.
- “Кыргыз жери” альбому канча нускада чыкты?

- 2 миң нуска.

- Кыргызстанга келди беле?

- Ооба, азыр аны бажыдан өткөрүү иштери жүрүүдө.

- Анда, Мелникофф мырза, “Азаттыкка” маек куруп бергениңиз үчүн Сизге рахмат.

XS
SM
MD
LG