Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:07

АКШда мунай, акциялар арзандап, доллар көтөрүлдү


Өлкөдөгү жумушсуздукка жана карызга баткан Европалык өлкөлөрдүн абалына карата инвесторлордун тынчсыздануусунан улам, кара майдын баасы жана америкалык акция базарлары бир нече айдан берки эң төмөнкү деңгээлге түштү. Март айына эсептелинген чийки мунай дээрлик 4 долларга арзандап, баррели кечээ 73 доллар 14 центтен бааланды. Өкмөт жумушсуздук төлөмүн сурап кайрылгандардын саны өткөн аптада 480 миңге жеткендигин жарыялагандан кийин, америкалык Доу Жоунс Өнөр-жай орток көрсөткүчү жети айдан берки эң арзан бааны көрсөттү. Америкалык доллар бейшембиде еврого карата жети айдан берки эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү.

XS
SM
MD
LG