Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:37

Өзбекстанда фотограф, режисерго «жаманатты кылган» деген айып тагылууда


Умида Ахмедова күнүмдүк турмуштан сүрөттөрү жана «Кыз болуунун жүгү» деген даректүү тасмасы үчүн суракка алынып келген. Бийликтерден бул тууралуу комментарий алуу мүмкүн болгон жок. Өкмөттүк эмес Хюман Райтс Уотч укук коргоо уюму сүрөткердин куугунтукталышын айыптап, «өзбек бийликтери көз карандысыз пикирин билдиргендерди сүйлөттүрбөө үчүн баарына даяр экендиги» айтылган билдирүү таркатты. Турмушка чыгаардын алдында болочок келиндин кыз экенин текшертүү маселесин козгогон «Кыз болуунун жүгү» деген тасма «Ютюб» видео сайтында бар. Умидованын маегин жана анын сүрөттөрүн Азаттык.кг сайтынан көрө аласыздар, ал үчүн Борбор Азия бөлүмүнө барыңыздар.

XS
SM
MD
LG