Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда парламенттеги СДП фракциясынын депутаттары Бактыбек Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу жөнүндө Жогорку Кеңештин токтомунун долбоору каралат. Ошондой эле 2009-жылдагы Конституциялык соттун иши жөнүндө Конституциялык соттун төрагасынын доклады жана башка маселелер талкууланат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)