Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 19:50

С.Мельникофф Кыргызстанды сотко берүү ниетинде


Америкалык фотосүрөтчү Сергей Мельникофф Кыргызстан боюнча чыгарган китебин чыгаруу жана сүрөт көргөзмөсүн уюштуруу боюнча бардык документтер президенттин кеңешчиси менен президенттин аппараты аркылуу өткөнүн “Азаттыкка” берген маегинде билдирди. Ал өзүнө коюлуп жаткан дооматтар негизсиз экенин айтып, Кыргызстанды эл аралык сотко берүү ниети бар экенин кошумчалады. Анын маалыматына караганда, ага 2009-жылы 3-мартта Кыргыз Республикасынын Тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн улуттук борборунун төрагасы А.Айдаралиев кат жолдогон.

Анда, “ Урматтуу Сергей Мельникофф! 2009-жылдын 11-12-декабрында өтүүчү “Тоолуу мамлекеттерде азык-түлүк коопсуздугу” деген аталыштагы Эл аралык конференциянын алкагында Тоолуу райондорун өнүктүрүүнүн улуттук борбору Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн жана жеке президент К.С.Бакиевдин тапшырмасы менен БУУнун Эл арлык конференциясынын иш күндөрү сизди Кыргызстандын жаратылышы жана дүйнөнүн башка мамлекеттери тууралуу көргөзмө ачууга сыймык менен чакырат”,-деп жазылып, катка А.Айдаралиев кол койгон.

3-февралда Парламент С. Мельникоффтун фотосүрөт көргөзмөсүн Бишкекте уюштурууга караманча каршы чыгып, депутаттар көргөзмөнү уюштурууга жол берген деп Маданият агенттигинин директорун күнөөлөп, ошол эле күнү кечинде президенттин буйругу менен Султан Раев кызматтан алынган. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG