Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:19

Б.Бешимов жана К.Кадыровдун ыйгарым укуктары токтотулду


СДП фракциясынын эки депутаты, Бактыбек Бешимов менен Кубанычбек Кадыровдун ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу чечими Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында кабыл алынды. Бакыт Бешимов 2009-жылдын 1-сентябрынан бери, Кубанычбек Кадыров 24-сентябрынан бери парламенттин сессиясына катышкан эмес. Жогорку КеңештинРегламенти жөнүндөгүмыйзамга ылайык эгерде депутат 30дан ашуун жумуш күнү сессияда болбосо, анда анын депутаттык ыйгарым-укуктарын токтотулуш керек. СДП фракциясынын эки мүчөсү тең өткөн жылдагы президенттик шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кетүүгө мажбур болгон. К.Кадыровго каршы кылмыш иши козголуп, андан депутаттык кол тийбестикти алууга парламент макулдугун берген. (КЕ)

XS
SM
MD
LG