Коопсуздук Кеңешинин мурдагы катчысы Адахан Мадумаров мындай оюн “Азаттыкка” азыркы Конституциялык өзгөрүүлөргө карата билдирди. Анын айтымында, бул маселе Конституцияда кандай жазылса ошондой чечилиш керек:
“Мамлекеттик Кеңеш жөнүндөгү органды Коопсуздук Кеңешинин катчысы болуп жүргөндө сунуш кылгам. Бирок бул маселени чечүү үчүн эмес. Ыкчам түрдө кандайдыр бир маселени чечүү үчүн бул керек, - деди А.Мадумаров. - Ал эгер айландырып, ороп жеңишке жетишүүнүн жолу болсо азыр күчүндө турган Конституцияга карама-каршы келет”. (КЕ)