Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:38

АКШ ракетадан коргонуу боюнча жаңыланган планы Орусияга эмес, Иранга багытталганын айтууда


Кечээ жарыяланган планга карата Орусия азырынча расмий комментарий бере элек. АКШнын ракетадан коргонуу боюнча системасынын жабдууларын Чехия менен Польшада жайгаштырууну караган мурдагы планга Орусия катуу каршы чыккан эле. Эми кайра каралган план орто аралыкка учуучу баллистикалык ракеталарды кармоочу жабдуунун Румынияда жайгаштырылышын да камтыйт. Мамлекеттик департаменттин басма көз катчысы Филип Кроули Вашингтондогу басма сөз жыйында баса белгилегендей, бул Орусияга эмес Ирандан келип жаткан ракеталык коркунучка каршы багытталган:

-Биздин кайра каралган ыкмабыз иш жүзүндө Иран тараптагы аймактан чыгып жаткан коркунучтарга жооп берүү үчүн иштелип чыкты. Ал эми Орусияга байланыштуу биз мурда эле бир нече жолу ачыктаганбыз, бул Орусияга багытталган кубат эмес.

Румын президенти Траян Бесеску да өз билдирүүсүндө НАТОго жана Евробиримдикке мүчө болгон анын өлкөсүнүн ракетадан коргонуу боюнча америкалык системага катышуусу Орусияга коркунуч туудурат деген туюндурбасын белгиледи.

XS
SM
MD
LG