Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:19

Иракта шайлоо өнөктүгү мурда белгиленгенден кеч башталат


Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн шайлоо комиссиясы билдирди. Мындай чечим мурдагы диктатор Саддам Хусеиндин “Баас” партиясына байланышы бар деген шек менен 500дөй талапкердин шайлоого катышуусуна салынган тыюуну аппеляциялык сот жокко чыгаргандан кийин кабыл алынып олтурат. Сот чечимин Ирак өкмөтү “мыйзамсыз” деп атады жана парламентти ушул жекшемби күнү кезексиз жыйынында бул маселени талкуулоого чакырды. Мурда мерчемделгендей, шайлоо өнөктүгү ушул жекшембиде расмий башталмак, эми Ирактын шайлоо комиссиясынын расмий өкүлү Хамдия ал-Хусейнинин билдиргенине караганда, ал келерки жума күнгө чейин токтотулду. Ирактагы парламенттик шайлоо 7- мартка белгиленген.

Бул аралыкта бүгүн Ирактые Кербала деген шаарында бомба салынган эки автоунаанын жарылуусунан, полициянын маалыматына караганда, бери дегенде 20 адам өлүп, 75 киши жаракат алды. Кербалага бүгүн жүз миңдеген шийит зыяратчылары Арбаин деп аталган диний жөрөлгөнүн эң соңку күнүнө чогулушкан эле.

XS
SM
MD
LG