Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 14:33

БЭК: “Түндүк электронун” сатылышы –элге каршы жасалган иш


“Бакиевдердин үй-бүлөсү бийликтен кетери менен бүгүн сатылган “Түндүк электро” ишканасы менен кошо мурда менчикке чыгарылган бир катар стратегиялык ишканалар кайра мамлекетке кайтарылат. Элдин менчигин элден жашырып, тар чөйрө сатып жиберүүгө укугу жок!,” -деп айтылат бириккен оппозициянын бүгүн кабыл алган чечиминде. Бириккен элдик кыймыл “Түндүк электронун” сатылышына жана президент К. Бакиевдин демилгеси менен 23-мартта өтө турган Ынтымак Курултайына байланыштуу кеңейтилген жыйын өткөрүүнү максат кылууда. БЭКтин уюштуруу штабынын жетекчиси Азимбек Бекназаровдун “Азаттыкка” билдиргени боюнча жыйынга өлкөнүн бардык аймактарынан Кыргызстандын келечегине кайдыгер карабаган атуулдар чакырылат. Аталган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 20-февралында уюштурулмакчы.

“Түндүк электро” ишканасынын мамлекетке таандык 81% мурда белгисиз “ЧаканГЭС” деп аталган компанияга сатылды. “ЧаканГЭС” Кыргызстанга таандык, аталган ишкана “Түндүк электрого” алдыңкы 10 жыл ичинде 74 млн. доллар инвестиция саларын мамлекеттик мүлктү башкаруу министри Т. Турдумамбетов бүгүн билдирди.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG