Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:55

“Ата Мекен”: “Түндүк электр” ишканасы элге каршы менчиктештирилди


Бул тууралуу “Ата Мекен” социалисттик партиясы тараткан билдирүүдө айтылат. “Ата Мекен” партиясынын ынанымында, Кыргызстандын кирешелүү негизги тармагы өтө арзан баада сатылып кетти. Өкмөт бул ишкананы 100 миллион доллар деп баалап келген, “Ала-Бел - Семетей” чакан подстанциясы 20 миллион доллар турат, бул бийликтин кандай жол менен болсо да пайда көрүү аракети деп айтылат билдирүүдө. Партия ошондой эле бул менчиктештирүүнү тааныбай турганын, өзү бийликке келген шартта менчиктештирилген мындай ишканаларды мамлекетке кайтаруу аракеттерин дароо баштаарын белгилеген.

Кечээ таратылган расмий маалымат боюнча, Кыргызстандагы ири кирешелүү тармак саналган “Түндүк электр” бөлүштүрүүчү ишканасы 3 миллион долларга сатылды. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG