Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 13:17

Германия Иранды дүйнөлүк коомчулук менен кызматташууга үндөдү


Немис тышкы иштер министри Гвидо Вестервелл бүгүн Мюнхендеги коопсуздук боюнча конференцияда ушинтип билдирди. “Иран уранын чет мамлекетте байытыш үчүн жиберүүгө макулдугун айтканы жакшы жышаан, бирок Тегеран мындан да чечкиндүү кадамдарга барышы зарыл”, - деп айтты министр.

Кечээ ушул эле конференцияда Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки өзөктүк программасы боюнча эларалык коомчулук менен иштешүүгө көңүлү түз экенин билдирген. Анын айтымында, Иран өзүндө чала байытылган уранды башка мамлекетте байытыш үчүн жиберүүгө макул болушу мүмкүн. Бирок канча уранын жиберүүнү Тегеран өзү чечиши керек, деди ал. Маселенин чоо-жайын Моттаки бүгүн Мюнхенде Атомдук энергия боюнча эларалык агенттиктин (МАГАТЭнин) башчысы Юкия Амано менен сүйлөшө турганы айтылууда.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG