Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:04

Дагестанда милициянын башчысын атып кетишти


Кечээ Орусиянын Дагестан республикасындагы атышууларда Махачкаланын ички иштер башкармалыгынын башчысы Ахмед Магомедов набыт болду. Орусиянын башкы прокуратурасы Магомедовдун өлүмү анын ишмердүүлүгү менен байланыштуу болду деп билдирди. Аны менен кошо эки жансакчысы, дагы бир милиционер да окко учкан. Ошол эле күнү Дагестандын Избербаш шаарчасында белгисиз бирөөлөр ички иштер башкармалыгынын экстремизмге каршы күрөшүү боюнча райондор аралык бөлүмүнүн башчысын да өлтүрүп кетишкен.

XS
SM
MD
LG