Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:52

Кыргызстандагы украин жарандары добуш беришүүдө


Бул тууралуу Украинанын Кыргызстандагы элчилиги билдирет. Украинада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүүдө. Ага Кыргызстанда жүрүшкөн украин жарандары да катышууда. Добуш берүү Бишкек шаарындагы Украина элчилигинде өтүүдө. Добуш берүүчүлөр тизмесине жалпы 250 украиналык жаран киргизилген, бирок алардан тышкары жумушчу сапарлары менен келгендери да бар.

Эскерте кетсек, 17-январда Украинада өткөн президенттик шайлоодо премьер-министр Юлия Тимошенко менен “Региондор” партиясынын лидери Виктор Янукович добуштардын көбүн топтоп, экинчи айлампага чыгышкан. Ал эми президент Виктор Ющенко 6 пайыздан ашуун гана добуштарга ээ болгон. Баардык байкоочулар шайлоо калыс өткөнүн, Украина демократиялык өлкө экенин далилдегенин айтышкан. (IJz)

XS
SM
MD
LG