Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:07

Иран уран байытууга киришти


Уранды 20% деңгээлде байытуу тапшырмасын өлкөнүн атомдук агенттигине бергенин өлкөнүн президенти Махмуд Ахмединежад бүгүн билдирди. Кечээ Мюнхенде коопсуздук боюнча конференцияда Атомдук энергия боюнча эларалык агенттик (МАГАТЭнин) жетекчиси Юкия Амано Ирандын тышкы иштер министри Манучер Моттаки менен сүйлөшүүдөн кийин, Тегеран уранын сыртта байытуу боюнча эч кандай конкреттүү сунуш айтпаганын билдирген. Буга чейин Ахмединежад Иран дүйнөлүк коомчулуктун бул сунушуна макул экендигин кыйыткан болчу.

Батышта айрым мамлекеттер "Иранга байытылган уран атомдук бомба жасаш үчүн керек" деп кооптонушат. Андыктан былтыр октябрда Бириккен улуттар уюмунун Коопсуздук кеңеши бул камтамачылыкты азайтуу максатында Иранга сунуш киргизген. Ага ылайык, Тегеран уранды өзүндө байытпай, аны байытуу үчүн Орусияга, Францияга жибериши керек эле. Сунушту өткөн аптада Ахмединежад кабыл алышы мүмкүндүгүн кыйыткан. Бирок бүгүн "дүйнөлүк ири мамлекеттер ойноп отура беришсин, биз уран байытабыз" деп билдирди.

XS
SM
MD
LG