Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:11

Украина: утуш кимдики болот?


Украиналыктар президенттик шайлоо жарышынын экинчи айлампасын өткөрүүдө. Кыргызстандагы украиналык жарандар дагы өз тандооcун билдиришти. 17-анварда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында 18 талапкер катышып, алардын ичинен Виктор Янукович 35% , ал эми Юлия Тимошенко 25% добуш алып, шайлоонун экинчи жарышына аттанышкан.


Бишкектеги добуш берүү


Украин элчилигиндеги №42 шайлоо участогу эртең мененки саат сегизде эшигин ачты. Шайлоо комиссиясынын төрагасы Степаненко Игорь Михайловичтин маалыматы боюнча Кыргызстанда жашаган 250 украин жараны шайлоочулардын тизмесине киргизилген, ал эми убактылуу бул өлкөдө жүргөн шайлоочулар болсо кошумча тизме менен добуш беришти.

Шайлоо күнү дем алууга дал келгенине, эшиктеги себелеген карга карабастан украиналык шайлоочулар өз өлкөсүнүн кийинки беш жылдык жашоосуна кайдыгер эмес экендей таасир берет. Элчиликтин кызматкерлери түшкө чукул добуш берчүлөрдүн саны арбыганын айтышты.

Ал эми шайлоочулардын айрымдарына: "Кийинки президент катары кимди көргүңүз келет?" деп суроо узатсак, "аны украин эли чечет, буюрса келээрки күндөрү билип калабыз" деп жооп берсе, "эки талапкердин тең президент болушун каалабайм" дегендер да болду.

Шайлоонун экинчи айлампасынын эрежеси боюнча эки талапкердин кимиси көп добушка ээ болсо, ал кийинки беш жылда өлкөнү жетектөөнү колга алат. Буга чейин эки талапкер тең украин калкынын калың катмарына өз саясий платформасын ачыктап, 2004-жылдагы “саргылт ыңкылаптын” негизи күчтөрүнүн бири Юлия Тимошенко Украинанын биримдиги үчүн күрөштү уланта берээрин элге убада кылса, тескерисинче Виктор Янукович “саргылт доордун” бүткөнүн айтып келет.


Президент болуу бактысы кимге тиет?


Кыргызстандын Украинадагы мурдагы элчиси, мамлекеттик ишмер Эсенгул Өмүралиев Украинадагы президенттик шайлоо жаңы талапкерлердин катышуусу менен кайра өтөт деген пикирин “Азаттыкка” билдирген.

- Мен экинчи турдун жыйынтыгы болбойт деп ойлойм. Болжол менен экөө тең-тең болуп, шайлоонун дагы бир этабы болсун деген жагдай пайда болот. Анан жаңы шайлоо болсун деген бүтүмгө келишет го, анда жаңы талапкерлер Тигипко менен Литвин чыгат.

Борбор Азиядагы Америка Университетинин изилдөөчүсү Шайырбек Жураев эки талапкердин кимиси президент болбосун - өлкөдө чоң өзгөрүүлөр болбойт дейт:

- 2004-жылга караганда 2010-жылдагы абал башка. Ошол эле кезде Янукович менен Тимощенко саясий гана күчтөр эмес, эки башка маданий цивилизациянын лидерлери катары чыгап жатышат. Тимощенко либералдык демократиянын улантуучусу катары чыгып жатса, Янукович болсо Орусияга ыктаган саясатчы экени белгилүү. Ал эми Украин калкы ушул эки багыттын кайсынысын жактыраарын ушул шайлоо көрсөтөт.

Ошол эле учурда президенттик таймаш соңунда эки талапкердин кимиси болбосун утулуу ызасын көтөрө албайт. Бул болсо өлкөдө нааразылык пайда кылып, ал тургай толкундоолорго түрткү бериши мүмкүн деген көз караштар да айтылууда.

Жаңы ыңкылапка алып келеби, же жокпу аны айтыш кыйын. Ыңкылап үчүн башка дагы факторлор керек. Бирок чынында кимиси жеңилбесин, шайлоонун жыйынтыгын таануусун элестетүү кыйын”, - дейт изилдөөчү Шайырбек Жураев.

Киевде жашаган көз карандысыз журналист Дэвид Стерн “Азаттыкка” телефон аркылуу шайлоо тынч маанайда өтүп жатканын айтты. Анын пикиринде шайлоочулар канчалык активдүү добуш берсе, бул ошончолук Тимощенкого колдоо болот. Бирок шайлоо картасы башкача жагдайды көрсөтүүдө:

- Януковичтин мүмкүнчүлүгү чоң деп эсептелүүдө. Бирок ошол эле кезде өткөн шайлоодо Тигипко менен Яценюкко добуш бергендер эми кимге добуш берет – бул да чоң суроо. Бирок баары бир Януковичтин утаары басымдуулук кылууда. Анткени жанагы эки талапкердин ортосундагы 10 пайыздык айырма – жетишээрлик чоң ажырым.

Кыргыз-украин байланышы

Эки өлкө соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жаатта кызматташат. Украин элчилигинин консулу И.В. Бунечконун билдирүүсүндө, өлкөлөр ортосундагы соода-сатыктын көлөмү жылына жүз миллион долларга жетет.
Бишкектеги Украин Элчилиги


Кыргыз жергесинде эки жүз элүүдөн ашуун украин жарандары жашап эмгектенет. Алардын көпчүлүгү ишкердик-соода, айыл чарба технологиясы жана илимий билим берүү жаатында иштешет.

Эгемендиктин соңку жылдарында Кыргызстанда жашаган отуз миңден ашуун этникалык украиндер тарыхый Ата Журтуна кетишкен. Ал эми учурда Кыргызстанда жыйырма беш миңден ашуун украин улутундагылар жашайт. Сонку эки жылда кыркка чукул украин жараны Кыргызстандын атуулдугун алышкан.

Украинынын соңку тарыхындагы бул саясий окуя эмне менен аяктаары тууралуу азырынча жыйынтык чыгаруу эрте. 17-анварда өткөн шайлоонун биринчи айлампасында 18 талапкер катышып, алардын ичинен Виктор Янукович 35% , ал эми Юлия Тимошенко 25% добуш алып, шайлоонун экинчи жарышына аттанышкан.

Украинада президенттик шайлоо: экинчи тур
please wait

No media source currently available

0:00 0:00:57 0:00
  • 16x9 Image

    Гүлайым Ашакеева

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист. Кыргыз улуттук университетин, Коста Рикадагы Улуттар Уюмунун университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG