Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:01

Украина жаңы президентин шайлап жатат


Украинада бүгүн президенттик шайлоонун экинчи айлампасы өтүп жатат. Талапкерлер Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен премьер-министр Юлия Тимошенко ортосунда күрөш катуу жүрүп жатканы айтылууда. Бирок шайлоонун алдынан жүргүзүлгөн сурамжылоолорго караганда, бул ирет Виктор Янукович утушу мүмкүн болуп турат.

Шайлоого өлкөдөгү 46 млн.дой жаран катышууга укуктуу. Алар Москваны колдогон Виктор Янукович менен Европага ык алган Юлия Тимошенконун бирөөнө добуш бериши керек. Акыркы күндөрү бул эки саясатчы бири-бирин шайлоонун жыйынтыгын бурмалайт деп айыптап келишти.

Азыркы президент Виктор Ющенко да бул шайлоого катышкан болчу. Бирок биринчи айлампада эле жетиштүү добуш топтой албай, жарыштан чыгып калды. Бүгүн Киевде добушун бергенден кийин, ал: “Украиналыктар үчүн азыр башкы милдет - бийликти тынч жол менен башка адамга өткөрө алаарын көрсөтүү”, - деп айтты. Бирок бийликке бул эки талапкердин кимиси келбесин, өлкө утпайт деди Ющенко.

“Украиналыктар өздөрүнүн тандоосу үчүн убагы келгенде уялышат го деп ойлойм. Бирок бул да демократиянын белгиси”, - деди Виктор Ющенко.

Юлия Тимощенко
Тимошенко болсо шайлоонун жыйынтыгы бурмаланды деп эсептей турган болсо, элди көчөгө алып чыгып, 2004-жылдагыдай “саргылт ыңкылап уюштурам” деп эскертти.

Януковичтин тарапкерлери шайлоонун жыйынтыгы бурмаланып кете турган болсо демонстрация жасай коебуз деп, азыртадан эле Борбордук шайлоо комиссиясынын жанында чатырларын тигип салышты.

“Азаттыктын” кабарчысы Грегори Файфер азыр Киевде жүрөт. Анын айтымында, жергиликтүү айрым маалымат булактары кээ бир райондордо мыйзам бузуулар катталганын кабарлай башташты.

Кандай болбосун, бул шайлоонун жыйынтыгы өлкөнүн Орусия же Батыш менен мамилесине катуу сокку болчудай натыйжага алып келиши күтүлүүдө.

Талапкерлердин экөө тең Европага карай интеграцияны, Орусия менен мамилени жакшыртууну өздөрүнүн максаты дешет. Бирок Тимошенко “президент болсом, беш жылда Украинаны Евробиримдикке мүчө кылганга жетишем” деп убада берген.

Өзүнүн кичи мекени Днепропетровск шаарчасында бүгүн добушун бергенден кийин, 49 жаштагы Тимошенко ал убадасын кайталады.

“Мен азыр эле жаңы Украина үчүн, бактылуу, бакубат, кооз европалык өлкө үчүн добушумду бердим”, - деди ал.

Анын тарапкерлери Януковичти “мамлекетти кайра Советтер союзунун мезгилине кайтарат” деп айыпташты.

Виктор Янукович
Янукович өзү Киевде добушун берип жатып: “Украин эли жакшы жашоого татыктуу, андыктан мен жакшы өзгөрүүлөр үчүн, туруктуулук үчүн жана күчтүү Украина үчүн добуш бердим”, - деди.

Янукович Тимошенкодон 10 жашка улуу. Аны өлкөнүн орус тилдүү калкы колдойт. Киевде шайлоочулардын бири Татьяна Павлова Януковичке добуш бергенин айтат.

“Биринчиден, ал Орусия менен бирге болот. Биздин баарыбыздын тамырыбыз барып эле Орусияга такалат. Ал жакта жашоо алда канча жакшы, пенсия да жакшы төлөшөт”, - деди Татьяна Павлова аттуу шайлоочу.

Шайлоонун алгачкы жыйынтыктары эртең эрте менен маалым болот.

Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы


Украина: “саргылтым ыңкылаптын” хроникасы
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:31 0:00
  • 16x9 Image

    Төрөкул Дооров

    "Азаттыкта" 2002-жылдан бери иштейт. 2007-жылга чейин Москвадагы кабарчысы, 2009-жылга чейин Бишкекте “Азаттык плюс” жаштар программасынын редактору катары иштеди. 2004-жылы Москва мамлекеттик университетинин журналистика факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG