Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:58

Украинадагы шайлоого Кыргызстандан байкоочулар көз салышты


Президенттик шайлоонун 2-айлампасына Кыргызстандан 24 байкоочу көз салышты. Алардын арасында журналисттер, бейөкмөт уюмдун мүчөлөрү жана жаш саясатчылар. Кыргызстандык байкоочулар президенттикке талапкерлердин бири Виктор Януковичтин туулган жери Донецк шаарындагы шайлоонун жүрүшүнө байкоо жүргүзүштү. Учурда Донецкиде жүргөн кабарчыбыз Жанар Акаевдин маалымдаганы боюнча шайлоо негизинен тынч өттү, азыркы тапта добуш берүүнүн расмий жыйынтыгы күтүлүүдө.
Украина президенттигине шайлоонун 1-айлампасы 17-январда болуп, анда көпчүлүк добуш алган талапкерлер Виктор Янукович менен Юлия Тимошенко 2-айлампага чыгышкан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG