Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

Ачкачылык акциясы убактылуу токтотулат


Саясий камактагыларды коргоо комитетинин жетекчиси Топчубек Тургуналиевдин “Азаттыкка” билдиргени боюнча ачкачылык акциясы эртең 9-февралда токтойт. Анын айтуусунда нааразылыгын билдирип, наар албай отургандар 10-февралда Республикалык аскер сотунда боло турган сотко кысым көрсөтүүнү каалашкан жок. Саясий камактагыларды коргоо комитети бул кадамы тууралуу түшүндүрмөнү бүгүн маалымат жыйынында беришмекчи.
Акыркы маалыматтар боюнча ушу тапта социал-демократиялык партиянын Бишкектеги башкеңсесинде 7 адам ачкачылык кармашууда. Ал эми генерал И. Исаковдун кичи мекени –Сопу-Коргондо 10 киши мурдагы коргоо министринин акталышын талап кылып, бир нече күндөн бери наар албай отурушат.
Бийликтин куугунтугу менен оппозициялык ишмердүүлүгү үчүн камакка алынды деп эсептелип жаткан И. Исаковду, Э. Бөлөкбаевди, С. Аргынбаевди жана У. Рыскуловду бошотуу талабын койгон саясий ачкачылык 13-январда башталган. Буга карата расмий бийлик эч кандай мамилесин билдире элек.(ZKo)

XS
SM
MD
LG