АКШ жана НАТО күчтөрүнүн Ооганстандагы командачысы, генерал Стэнли МакКристал жакында талип козголоңчуларына каршы чоң чабуул башталат, деп билдирди. Чабуул Ооган өкмөтү өзү көзөмөлдөгөн аймактарды кеңейтери тууралуу талиптерге жөнөтүлчү күчтүү сигнал болот, деп түшүндүрдү генерал МакКристал.