Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:50

Фотосүрөтчү С.Мелникофф кыргыз өкмөтүн сотко берет


Бул тууралуу ал өзү “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, кыргыз өкмөтүнүн макулдугу менен “Кыргыз жери” аттуу китеп-альбомду чыгарууга жана Бишкекте көргөзмө уюштурууга көп каражат жумшаган. “Менин чыгармачылык ишимди саясатка айландырып, акыркы учурда баш тарткандыгы үчүн Кыргызстанды эл аралык сотко берүү боюнча даярдыктар көрүлүүдө. Менин кызыкчылыгымды өзүмдүн компаниямдын юристтери жана АКШдагы белгилүү юридикалык мекеме коргойт. Алдын ала эсептөөлөр боюнча айып пулдун көлөмү 50 млн. доллар болушу мүмкүн”, дейт америкалык сүрөтчү С.Мелникофф.

Президенттин Катчылыгынын эксперттик-талдоо кызматынын башчысы Султан Жумагулов буга чейин “Азаттыкка” берген маегинде Мельникоффдун фотокөргөзмөсүн өткөрүүгө парламенттеги фракциялар каршы чыкканын туура деп эсептеген эле. (AJ)

XS
SM
MD
LG