Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:31

БЭК“Түндүкэлектр”ишканасынын сатылышына каршы билдирүү таратты


Бириккен элдик кыймылдын саясий бюросунун билдирүүсүндө, азыркы бийлик Улуттук байлактарды уурдап-тоноого кадам жасаганы, “Түндүкэлектр” ишанасы эч кимге белгисиз чет өлкөлөрдүн бириндеги офшордук аймакта катталган “Чакан ГЭС” акционердик коомуна текейден арзан баага сатылганы айтылган. БЭК “Түндүкэлектр” ишканасынын сатылышын мыйзамсыз деп эсептеп, энергетика жана суу ресурстары, кен байлактары жана тоо-кен ишканалары жалпы элдин энчисинде болуп, ар бир үй-бүлөнүн бакубат жашоосуна кызмат кылуусу керектигин белгилеген.
Өкмөт болсо энергетика тармагындагы түзүлгөн оор абалга байланыштуу жана инвестиция тартуу багытында электр ишканаларын менчиктештирүү зарыл деп эсептейт. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG