Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:07

Иран МАГАТЭге маалымат берди


Иран МАГАТЭге бүгүн берген маалыматында Атом энергетикасы боюнча эл аралык агенттикти өзүнүн уранды жогорку деңгээлде байытуу пландары менен кабардар кылды. Бул тууралуу Тегерандын МАГАТЭдеги өкүлү Али Асхар Солтанейи мамлекеттик теледен билдирди.

Тегеран эртеңден тарта уранды 20%га байытууну баштарын кечээ жарыялаган.

Тегеран ага катар, эгер Ирандын уранын байытуу үчүн четке жиберүүнү караган, Улуттар уюму колдогон келишим түзүлүп калса, бул жараянды токтоторун да кошумчалады.

Бул аралыкта француз коргоо министри Ерве Морен Вашингтон жана Париж Иранга каршы БУУ жаңы санкцияларды киргизүүсү үчүн умтуларын билдирди. Ал бул тууралуу бүгүн Парижде америкалык кесиптеши Роберт Гейтс менен жолуккан соң айтты.

Батыш Иран өзөктүк программасына жамынып алып, өзөктүк курал жасайбы деп кооптонот. Иран болсо программасы тынчтык максатты гана көздөөрүн ырастап келүүдө.

XS
SM
MD
LG