Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:27

Кайрадан сот жараяндары


Бүгүн Петровка чатагына байланыштуу жана А. Жекшенкуловдун үстүнөн жүрүп жаткан сот иштери уланат. Петровка чатагы боюнча Москва райондук сотунда өтүп жаткан соттук териштирүүдө күбөлөр көрсөтмө беришүүдө. Ал эми 1-Май райондук сотунда мурдагы тышкы иштер министри А. Жекшенкуловдун жана дагы бир нече кишинин үстүнөн козголгон кылмыш иштери боюнча айыпталуучулардын көрсөтмө берүүсү уланат. Өткөн жумада болгон сот жараянында көрсөтмө берген экс-тышкы иштер министри өзүнө тагылган айыптар негизсиз экенин билдирген. Ошол эле күнү айыпталуучулар И. Абдыкадыров менен К. Супатаев да көрсөтмө берип, мурда тергөөдө айткандарынан баш тартышкан. Алар муну тергөөдө ур-токмокко кабылганы менен байланыштырышкан. Көп өтпөй ИИМ маалымат таратып, айыпталуучулардын сотто айткандары чындыкка дал келбей тургандыгын айтып чыккан.(ZKo)

XS
SM
MD
LG