Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:33

В. Янукович президенттик шайлоонун жеңүүчүсү


Дээрлик бардык бюллетендер саналгандан кийин, Региондор партиясынын ана башы Янукович премьер-министр Юлия Тимошенкодон үч процент көп добуш алганы тастыкталды. Москвачыл Янукович атаандашын жеңилгенин мойнуна алууга үндөдү. Бирок Тимошенко жеңилгенин мойнуна ала элек. Тимошенко 7-февралдагы шайлоодон бери бүгүн биринчи жолу маалымат каражаттары үчүн билдирүү жасамак болууда.

Айрым талдоочулар Тимошенко шайлоодо мыйзам бузуулар болду деп, соттошуусу мүмкүн экенин айтышууда.

Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюмунун миссиясы башындагы эл аралык байкоочулар шайлоо калыс, ачык айкын өткөнүн билдирип, Украинанын саясый жетекчилигин бийликти жеңүүчүгө талаш-тартышсыз тынч өткөрүп берүүгө чакырды.

Европа биримдигинин Тышкы иштер министри Катерин Эштон Биримдик Украина менен байланышты дагы бекемдөөгө кызыкдар экенин, бул багытта өлкөнүн жаңы президенти менен иштешээрин маалымдады. Ал бирок жаңы президент деп Виктор Януковичти атаган жок.

XS
SM
MD
LG