Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Иранга эл аралык коомчулуктун нааразылыгы өсүүдө


Эл аралык атомдук агенттик - МАГАТЭнин башчысы Юкия Амоно Ирандын уранды 20 процентке чейин байытуу планына тынчсыздануусун билдирди. Буга байланыштуу Франция президенти Николя Саркози жана АКШ Коргоо министри Роберт Гэйтс 8-февралда Парижде болгон кездешүүдө Иран уранды байытуу планынан баш тарпаса, Тегеранга каршы жаңы катаал санкция киргизүү зарыл деп макулдашты.

Ирандын планын Германия менен Британия да сындады. Тегеран мурдараак уранды чет өлкөдө байытуу сунушун четке каккан эле.

XS
SM
MD
LG