Линктер

бейшемби, 8-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:15

Алайлыктар ачкачылыкты убактылуу токтотмой болушту


Мындай чечимди сопу-коргондуктар Саясий куугунтукка кабылгандарды коргоо комитетинин төрагасы Топчубек Тургуналиев менен жолугушуудан кийин кабыл алышты. “Азаттыктын” кабарчысынын маалыматына караганда Сопу-Коргондо бүгүн экс-министр Исмаил Исаковдун энеси баштаган он киши ачкачылык акциясында отурушат. Акцияны бүгүн түштөн кийин убактылуу токтоторун буга чейин Бишкектеги ачкачылык акциясынын катышуучулары да маалымдашкан. Муну саясатчынын тарапкерлери Аскер Сотунун эртеңки отуруму менен байланыштырышууда. 10-февралда Аскер Соту Исмаил Исаковдун апелляциялык арызын караган атат. Мурдагы коргоо министри, оппозициядагы саясатчы Исаковду горнизондук сот 11-январда 8-жылга эркинен ажыратып, дароо камакка алган. Экс-министрдин тарапкерлери аны актоо талабын коюп, 13-январдан бери ачкачылык акциясында отурушат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG