Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:28

Бүгүн президенттик кеңешменин алгачкы жыйыны болот


Отурумда эки маселе - административдик реформаны ишке ашыруунун жүрүшү, 2009-2012-жылдарда Бишкек шаарын өнүктүрүү максатын көздөгөн “Жаңыланган борбор шаар” долбоорунун биринчи баскычын ишке ашыруу жүрүшү тууралуу отчеттор угулуп, талкууланат. Президенттик кеңешмени президент Курманбек Бакиев административдик башкаруу реформасынын алкагында координациялык кеңешүү органы катары түзгөн. Анын курамына Жогорку Кеңештин төрагасы, Премьер-министр, Президенттин аппарат башчысы, Президенттин катчылыгынын башчысы, Кыргыз Республикасынын Өнүктүрүү, инвестициялар жана инновациялар боюнча борбордук агенттигинин жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Президентинин Коргоо, коопсуздук жана укуктук тартип маселелери боюнча мамлекеттик кеңешчиси, Тышкы иштер мамлекеттик министри кирет. Кеңешмеге президент өзү төрагалык кылат. (BuS)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG