Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:02

Мамлекеттик цирк жатаканасынын жашоочулары көчөдө калды


Бишкек шаарынын Жумабек көчөсүндө жайгашкан Мамлекеттик цирктин жатаканасынын жашоочуларын цирктин жетекчилиги имаратты бошотуусун талап кылууда. Бул тууралуу алар бүгүн маалымат жыйында билдиришти. Жатакананын жашоочулары бир жылдан бери бул имаратка электр энергия берилбей, жылуулук да жоктугун маалымдашты. Жашоочулардын айтымында, бул имарат көп жылдан бери цирктин балансына кирбей калган. “Бул үйдө 26 үй-бүлө, 250дөй адам жашайт. Биз бардык коммуналдык кызматтар, электр энергия үчүн төлөп келгенбиз. Биз төлөгөн каражат кайда кетти түшүнбөйбүз”, - дейт жашоочулардын бири Шайлообек Матеев.

Ал эми Мамлекеттик цирктин директору Курмангазы Исанаев мындай дооматтар негизсиз экенин “Азаттыкка” билдирди. “Алардын баарына сот чечими чыккан. Бул имарат мамлекеттин менчиги, цирктин конок үйү. Азыр жашап жаткандардын эч кандай келишим жок. Баш аягы отуздан ашуун текшерүү жүргөн. Жарыкты төлөгөн эмес. Өткөн жылы “Түндүк электро” текшерип, 2009-жылы 26-апрелине 526 миң сом карызы бар экенин аныктап кеткен”, - дейт К.Исанаев.

Учурда алар райондор аралык сотко кайрылып, анын чечимин күтүп жатышат.(КЕ)

XS
SM
MD
LG