Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:08

Нарында Эки-Нарын айылы убактылуу унаа байланышсыз калды


Мындай маалыматты өз ысымын айтуудан тартынган Эки-Нарын айылынын тургуну «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында айылга кардын калыңдыгы 1 метр 30 сантиметрге жеткен. Жол күрөлбөгөндүктөн улам 6-февралдан бери унаалар каттамы токтоп, жергиликтүү тургундар 8 чакырым аралыктагы Таш-Башат айылына чейин ат менен келгенге аргасыз болушууда. Нарын гидрометеорология борборунун жетекчиси Жолдошбек Бостериевдин айтымында, Эки-Нарынга 85, Нарын шаарында 48 сантиметр кар түштү. Нарын районундагы №8-жол тейлөө мекемесинин башчысы Кубанычбек Токобаев бүгүнкү күнү Эки-Нарынга чейинки жолдор күрөлүп жаткандыгын билдирди. Бул айыл Нарын шаарынан 41 чакырым чыгыш тарапта орун алган. (KUs)

XS
SM
MD
LG