Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:24

Биринчи вице-премьер-министр Кышкы Олимпиадага барчулар менен жолугат


Президенттин Катчылыгынын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда бүгүн кечинде биринчи вице-премьер министр Акылбек Жапаров Ванкуверде өтүүчү кышкы спорттук олимпиадага барчу спортчулар менен жолугушат. Олимпиадага Кыргызстандын атынан лыжа спортунун чеберлери Дмитрий Трелевский жана Ольга Решеткова ат салышат. Аларды сүрөп барчулардын катарында эки машыктыруучудан тышкары Кыргызстандын Улуттук Олимпиада комитетинин башчысы Мурат Саралинов, Мамлекеттик спорт агенттигинин жетекчиси Айдарбек Керимкулов баштаган аткаминерлер бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG