Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Тимошенконун блогу сотко кайрылат


Виктор Януковичтин тарапкерлери Киевде чогулушту. 9-февраль, 2010-ж.
Виктор Януковичтин тарапкерлери Киевде чогулушту. 9-февраль, 2010-ж.

Украин парламентиндеги Юлия Тимошенконун блогу жекшембидеги президенттик шайлоо добуштарды бурмалоо, шайлоочуларга кысым көрсөтүү менен коштолгонун айтып, сотко кайрылаарын билдирди.

Виктор Януковичтин Региондор партиясы шайлоо маалында элге ар кандай кысым көргөзүп, көп жерде добуштар бурмаланганын билдирген украин премьери Юлия Тимошенконун парламенттеги блогу президенттик шайлоо жыйынтыктарын сотко берээрин жарыялады. Тимошенконун шайлоодогу атаандашы Янукович алдын-ала маалыматтар боюнча жеңүүчү аталган.

Шейшембиде Тимошенконун саясий блогундагы орун басары Сергий Соболев жер-жерлерде Януковичтин жардамчылары элди алдап пайдаланып, добуштарды өз пайдасына бурганын парламентте билдирди. Ушул эле блоктун мүчөсү, депутат Олег Ляшко Киевдик УНИАН кабар агенттигине билдиргендей, алардын байкоочулары Донецк, Луганск облустары менен Крым чөлкөмүндө кеминде 1 миллиондой алдын-ала даярдалган бюллетень Януковичтин пайдасына салынганын ырасташты.

Айтор, Тимошенконун блогу өткөн түнү кеңешип отуруп, шайлоонун жыйынтыктарын сотко берип, добуштарды кайра санап чыгууну өтүнүү чечимин кабыл алды. Азыркыга дейре добуштардын 99,9%ынан көбүрөөгү саналып бүтүп, Виктор Янукович 49%га чукул шайлоочунун ишеничин алып, жеңүүчү аталууда. Анын жактоочуларынын калың бөлүгү Украинанын орус тилдүү калк басымдуулук кылган чыгыш бөлүгүндө жашайт. Тимошенко андан 3%дан бир аз көбүрөөк артта калып, аны колдогондордун арбын саны украин тилдүү батыш чөлкөмдөрдө катталды.

Анткен менен, европалык жана башка бир катар эл аралык уюмдардын байкоочулары Украинадагы шайлоо ачык жана калыс өттү деген пикирлерин айтууда. ЕККУнун байкоочулар миссиясынын координатору Жоао Соарес кечээ Киевдеги маалымат жыйынында: “Биздин байкоочулар добуш берүү жана эсептөө иштерин оңунан баалашты. Ачык-айкындуулук көп сандагы жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын катышуусу менен кепилденди”, - деп билдирди.

Шайлоо алдында добуштар бурмаланса, сөзсүз көчөгө чыгабыз деп өз жактоочуларына кайрылган Юлия Тимошенко бүгүн кечирээк билдирүү жасаары күтүлүүдө. Ал тапта Януковичтин 3000дей колдоочусу Киевдин чет жагында топтолуп, өз талапкерин колдогон митинг өткөрүштү.
  • 16x9 Image

    Венера Сагындык кызы

    «Эркин Европа/Азаттык» радиосунун кыргыз кызматынын жетекчиси. 1995-жылдан тартып «Азаттыктын» Кыргызстандагы кабарчысы, IWPR уюмунда журналист болуп иштеген. Кыргызстандагы жана чөлкөмдөгү окуялар тууралуу макалалары кыргыз, орус жана англис тилдеринде жарыяланган. КМУУнун тарых факультетин жана аспирантурасын аяктаган.​

     

XS
SM
MD
LG