Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 15:46

Казак соту президенттин күйөө баласы боюнча өзүнүн буга чейинки чечимин жокко чыгарды


Бүгүн Алматыдагы Медеу райондук соту өзүнүн буга чейинки чечимин жокко чыгарды. 1-февралда бул сот президент Нурсултан Назарбаевдин күйөө баласы Тимур Кулибаевдин аброюна шек келтирчү макалаларды басууга тыйуу салган эле. Кечээ өлкөнүн Жогорку сотунун төрагасы Медеу райондук сотунун бул чечимин «ката болгон» деп айткан. Президенттин күйөө баласы Тимур Кулибаев ишкер Мухтар Аблязовду «мени коррупцияга малынган деп, аброюма акаарат келтирди» деген таризде сотко берген болчу. Бул арызды Медеу соту азырынча кароосуз калтырды.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG