Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 20:52

К.Бакиев: Айрым чиновниктер реформанын максаттарына маани бербей жатат


Өлкө президенти Курманбек Бакиев бул тууралуу Президенттик кеңешменин алгачкы отурумунда сүйлөгөн сөзүндө билдирди. Мамлекет башчы ошондой эле тышкы жана ички саясат маселелери боюнча стратегиялык чечимдер Президенттик кеңешменин пикирин эске алуу менен кабыл алынышы керектигин белгиледи. “Кыска мөөнөттүн ичинде биз мамлекеттик башкаруу чөйрөсүндөгү абалды башка нукка бурууга жетиштик. Айрым адамдардын аң-сезиминдеги стереотиптер али күчүндө болуп, жаңыланууга кедергисин тийгизүүдө. Бирок биз алдыга кадамдай бермекчибиз”, - деди К.Бакиев.

Отурумда эки маселе - административдик реформаны ишке ашыруунун жүрүшү туурасында КР Өкмөтүнүн Аппаратынын жетекчиси Аалы Карашев баян жасап, ведомстволор аралык комиссия 44 мамлекеттик орган боюнча штаттарды кыскартуу боюнча иш жүргүзүп, андан 240 млн. сом каражат үнөмдөлгөнүнө токтолду. Мындан сырткары 2009-2012-жылдарда Бишкек шаарын өнүктүрүү максатын көздөгөн “Жаңыланган борбор шаар” долбоорунун биринчи баскычын ишке ашыруу жүрүшү тууралуу отчеттор угулуп, талкууланды. (КЕ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG