Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:52

Ө. Текебаев: Кыргызстанга диктатуралык эмес, демократиялык башкаруу керек


Мындай пикирин “Ата Мекен” партиясынын төрагасы Өмүрбек Текебаев “Азаттыкка” билдирди. Ал 18 жылдан бери өлкөдө үй-бүлөлүк башкаруу болуп келе жаткандыгын, мындан экономикалык өсүш болбогондугун белгилеп, мамлекеттик стратегиялык ишканалар бийлик башындагылардын менчигине алынды деп эсептейт: “Мына жакында эле “Кыргызтелеком”, “Түндүк электро” мамлекеттик ишканалары сатылды. Мен ойлойм, бул кадимки эле классикалык, примитивдүү рейдерчилик. “Чакан ГЭС” деген чоң Чүй каналындагы эскилиги жетип, иштебей турган бир нече ГЭС. Алардын каржылык абалы мамлекет эптей албаган “Түндүкэлектрону” эптей турган абалда эмес. Ошондуктан, “Чакан ГЭСтин” артында “үй-бүлө” мүчөлөрүнүн кулагы көрүнүп турат,” дейт Өмүрбек Текебаев.
“Кыргызтелеком” жана “Түндүк электро” мамлекеттик ишканалары сатылгандыгын мамлекеттик мүлк министрлиги өткөн жуманын аягында билдирген. “Кыргызтелекомду” Казакстандын “K.S.D”, Кипрдин Nimisco Holding Co. Limited жана Colimar Holding Co. Limited, ошондой эле Кыргызстандын “Ала-Тоо кени” ААКнан турган консорциум 1 млрд. 280 млн. сомго, ал эми “Түндүкэлектрону” мурда сатып алууга катышпаган “Чакан ГЭС” ишканасы 3 млн. долларга сатып алган. “Түндүкэлектронун” 2009-жылдагы кирешеси 56 млн. долларга барабар.(ZKo)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG