Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:28

Юлия Тимошенко шайлоонун жыйынтыгына макул эмес


Украин президенттигине талапкер Юлия Тимошенко "7-февралдагы шайлоо массалык мыйзам бузуулар менен өттү" деп санайт жана кээ бир жерлерде добуштарды кайра саноону сот аркылуу талап кылмак болууда. Бул жөнүндө Тимошенко блогунун орун басар төрагасы Алена Шустик маалымдады.
Эл аралык байкоочулар шайлоону демократиялык нормаларга ылайык өттү деп баалашкан. Акыркы санак боюнча, Региондор партиясынын башчысы Виктор Янукович премьер-министр Юлия Тимошенкодон 3,5 процент добуш менен алдыда. Азырынча Крымдагы бир гана шайлоо округу боюнча добуштар саналып бүтө элек.

XS
SM
MD
LG