Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:09

Гүлчөдө эл митингге чогулууда


Алай районунун борбору Гүлчөдө акимиаттын жанында мурдагы коргоо министри Исмаил Исаковду актоо талабы менен 300гө чукул адам чогулду. Митингдин жүрүшүнө “Кылым шамы” укуктук борборунун жетекчиси Азиза Абдырасулова байкоо салып турат. Бул тууралуу Алайдан кабарчыбыз Айданбек Ташкенбаев билдирди. Маалыматка караганда, митингди генералды абактан бошотуу жана саясий куугунтукту токтотуу талабы менен И.Исаковду коргоо комитети уюштурууда. Аскер сотунда И.Исаковдун апелляциялык арызын кароо башталды. Маалыматка караганда, бүгүнкү соттук отурумда бул ишке байланыштуу төрт күбө суралышы күтүлүүдө. (AJ)

XS
SM
MD
LG