Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:29

С.Жумагулов: Ынтымак курултайы – чыныгы элдик курултай болот


Мамлекет башчынын демилгеси менен өткөрүлүүчү Ынтымак курултайы тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Президенттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов жооп берди.

- 9-февралда башкаруу системасы, реформанын жыйынтыктары жана Бишкекти өнүктүрүү тууралуу сөз болду. Президент кийинки кадам Ошко багытталат деп айтты. Бул программалар тууралуу маалымат берип кетсеңиз.

Султан Жумагулов: Ош - Кыргызстандын түштүк борбору деп эсептелинет. Тилекке каршы, Ош шаары чачкын өнүгүп келген, он беш жыл бою анын генералдык планы каралган эмес. Кайра жаңыртылган “Баш калаа” деген долбоор биз шаарды оңдой алсак болот экенин көрсөттү.

Негизги милдет - азыр күчүбүздү үрөп, Оштун сырткы келбетин өзгөртүү, цивилизациялуу шаарга айландыруу максатын көздөп турабыз. Мисалы, ал жерде жалпак үйлөр жыш курулуп калган экен. Анын бардыгын шаарга айландырыш керек, тегерете курчаган айылдар да каптап, шаардын инфраструктурасы көтөрө албай калган экен.
Президенттик квота менен 750 киши дайындалбайт, 150 эле киши дайындалат.


Транспортуна, саламаттыкты сактоо, билим системасына аябай күч келип атат. Ошол себептен бир айдын ичинде жумушчу топ түзүп, анан ишке ашырууга киришебиз.

- Ынтымак курултайы боюнча калктан, жарандык коомдон нааразылык көп түшүп атат. Баягы эле бир ууч бийликке жармашуулардын жыйыны болуп калат деген пикирлер бар. Жер-жерлерде “бөрк ал десе, баш алып аткандар” болгон жокпу?

Султан Жумагулов: Биринчиден, жанагы “горячий телефон” деп коет, ошого эч кандай кабар түшпөптүр. “Мага Ысык-Атада кийилигишүүлөр болуп атат”, деди. Мен “кайсы жерде, ким, эмне деген кийлигишүү болуп атат” деп сурасам, айта албай койду, жөн эле долуланды.

Президенттик сайтта "Курултай" деген атайын бөлүкчө ачылды, ар ким өзүнүн дооматын, фактыларын ошого жазса болот. Жергиликтүү курултайларда адамдарга, жергиликтүү элге “өзүңөрдүн сөзүңөрдү, көйгөйлөрдү айта турган жигиттерди, кыздарды шайлагыла” деген мүмкүнчүлүк берилип атат. Анын бардыгына администрация кийлигише берсе болбой калат, адамдар өзүнүн укугун өздөрү пайдаланышы керек.

- Сиз айткан түз байланыш телефон номурун мүмкүн көпчүлүк билбестир, азыр айтып койбойсузбу?

Султан Жумагулов: 63-86-69. Андан башка kurultaimail.gov.kg дегенди ачса, ошол жерде кайсыл жерден кандай шайланып келди, диний чөйрөлөрдөн, мигранттардан кимдер шайланып келатат деген маалымат кеңири болот. Демек коомчулуктун кеңири катышууга мүмкүнчүлүгү бар.

- Ушул эле курултайга президент сунуштаган 750 делегаттын тизмеси Ак үйдөн дайындалып аткаруу бийликке берилген. Тизме айрым бир басылмаларга келип түшкөн деген маалымат бар.

Султан Жумагулов: Мындайдын бардыгы жалган. Президенттик квота менен 750 киши дайындалбайт, 150 эле киши дайындалат. 545 адам аймактардан, ар бир айылдык округдардан, райондордон шайланып келет. 150 кишини гана президент дайындайт, биз азыр анын механизмин ойлонуштуруп атабыз.
Президенттик сайтта Курултай деген атайын бөлүкчө ачылды, ар ким өзүнүн дооматын, фактыларын ошого жазса болот.


Бардыгыбыз айтып жүргөндөй “ак сакалдар” өтүп кетпеш үчүн Кыргызстандын, кыргыз элинин тагдырына күйгөн адамдарды тандоо механизмин ойлонуштуруп атабыз. Мүмкүн муну добуш берүү жолу менен тандашыбыз ыктымал.

Президент өз сөзүндө “мага мурдагыдай декоративдик органдын кереги жок, мен даана элдин акыл-эсине, акылман ойлоруна таянгым келет” деп ачык эле айтпадыбы. Муну жергиликтүү чиновниктер да, айыл округдары да жетекчиликке алууга милдеттүү.

- Рахмат!

Тасмада: Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу

Президент Курманбек Бакиев 21-январда Ынтымак Курултайын чакыруу боюнча өлкө калкына кайрылуу жасады. (Президенттин басма сөз кызматынын тасмасы)

Ынтымак Курултайын чакыруу жөнүндө кайрылуу
please wait

No media source currently available

0:00 0:06:49 0:00
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG