Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:38

Украинадагы шайлоого ЖК депутаттары да байкоо салды


Жогорку Кеңештин депутаттары Роза Абдыраимова менен Иса Өмүркулов КМШ мамлекеттеринин Парламенттер аралык Ассамблеясынын атынан барган байкоочулардын курамында Украинадагы президенттик шайлоонун экинчи айлампасынын жүрүшүнө байкоо жүргүзүп кайтышты.

Депутат Роза Абдыраимова КМШ өлкөлөрүнүн парламентчилеринин катарында жыйынтык маалымат жыйынына катышты. Ал жалпыга маалымдоо каражат өкүлдөрүнө шайлоочулардын добуш берүү жүрүмүнө кыйла жигердүү катышкандыгы, өзү 6 шайлоо участкасында болгондугу тууралуу айтып берди.

КМШ ПАА байкоочулар тобун Орусия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрагасынын биринчи орунбасары Александр Торшин жетектеп барган. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG