Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:26

С.Жумагулов: Курултайга делегаттардын тизмеси түзүлдү деген жалган


Бул тууралуу “Азаттыктын” маегинде билдирген президенттик катчылыктын алдындагы эксперттик талдоо бөлүмүнүн башчысы Султан Жумагулов Президенттин квотасы менен 150 эле адам дайындалып, 545 адам аймактардан, ар бир айылдык округдардан, райондордон шайланып келерин айтты.

-Бул курултайдын авторлорунун бири катары айтайын, жергиликтүү курултайларда адамдарга, жергиликтүү элге “өзүңөрдүн сөзүңөрдү, көйгөйлөрдү айта турган жигиттерди, кыздарды шайлагыла” деген мүмкүнчүлүк берилип атат. Анын бардыгына администрация кийлигише берсе болбой калат, адамдар өзүнүн укугун өздөрү пайдаланышы керек,-деди С.Жумагулов.

Ал ошондой эле “Ынтымак курултайы – чыныгы элдик курултай” болооруна ишенимин билдирди. (AJ)

XS
SM
MD
LG