Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:03

СДП фракциясы өлүм жазасына каршы протоколуна Кыргызстандын кошулушун колдоду


СДП фракциясы бүгүнкү отурумунда “1989-жылдын 15-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы ассамблеясынын 44/128 резолюциясы менен кабыл алынган, өлүм жазасын жокко чыгарууга багытталган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндө эл аралык пактынын экинчи факультативдик протоколуна Кыргыз Республикасынын кошулуусу тууралуу” мыйзамдын долбоорун колдоду.

Адилет министри Курмантай Абдиев бул тууралуу маалымат берип, Кыргызстан өлүм жазасына мораторий жарыялаганга чейин өлүм жазасына 175 киши тартылганын, алардын ону абакта каза болгонун, мораторий жарыялангандан кийин өмүр бою абакка кесилген 209 адам камакта экенин билдирди. Ал ошондой эле өмүр бою абакка кесилгендер үчүн Чүй облусунун Жаңы-Жер айылынын аймагында 2008-жылдан бери күчөтүлгөн тартиптеги түрмө курулуп жатканын, курулушка 256 млн. сом сарпталарын белгиледи. (AJ)

XS
SM
MD
LG