Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:07

Исаковдун апелляциялык арызын кароо эртең уланат


Бүгүн Аскер Соту мурдагы Коргоо министри Исмаил Исаковдун апеллциялык арызын кароого киришти. Судья Тилек Абдырашитовдун жетекчилигинде башталган соттун бул күнкү отурумунда күбөлөр “Бишкеккурулуштун” жетекчиси Аскарбек Молдобаев, Коргоо министрлигинин мурдагы жооптуу кызматкерлери Мырзалы Бөрүбаев, Кубанычбек Орузбаев жана Борис Югай суралды. Борис Югай сотто батирге байланыштуу Исаковго каршы көрсөтмөнү Башкы прокуратуранын кысымы астында бергем деп, соттон адилет чечимди сурады. Калган күбөлөр да Исаковдун айыбы жок экендигине ишенимин билдиришти. Сот Исаковдун апелляциялык арызын кароону эртең түштөн кийин уламай болду.
Сотто СДПнын төрагасы Алмаз Атамбаев, “Ак шумкар” партиясынын жетекчиси Темир Сариев, “Ата Мекендин” лидери Өмүрбек Текебаев баштаган 400гө чукул киши Исаковго колдоо көрсөтүштү. Соттун алдында тургандар “Саясий куугунтукту токтот”, “И.Исаков элине ишенет”, “ И.Исаков туура соттолсун” деген жазуулары бар плакаттарды кармап турушту. Бул тууралуу сот жараянына катышып келген кабарчыбыз билдирди(BuS)

XS
SM
MD
LG