Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 17:33

Нарында көчкү алдынан киши каза болду


Нарын районуна караштуу Жан-Булак айлынын тургуну 1985-жылы туулган Максат Бекбоев аттуу адам Ак-Таш деген жерден уй издеп жүрүп көчкү алдында калып каза болду. Бул жөнүндө аталган айыл округунун башчысы Максат Сейдилдаев билдирди. Окуя онунчу февралга караган түнү саат экилерде болгон. Каза болгон адамдын жанындагы адам айылдагыларга телефон аркылуу билдирген соң, көчкү жүргөн жерге алты атчан таңкы саат төрттөрдө барып таап келишти. Көчкү жүргөн жерге жакын жашаган Бакелең Темиров деген чабанды көчүрүп алуу аракети көрүлүүдө. (JI)

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG