Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:21

Кара-Кулжа районунда кар көчкүдөн 67 киши куткарылды


Кара-Кулжа районунда кар көчкүгө кабылган 67 киши бүгүн тик учма менен райондун борборуна жеткирилди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын башкы адиси Абдишарип Бекилов “Азаттыккы” билдирди. 6-7-февралдагы калың карда Алайкуудан келаткан жүргүнчүлөр көчкү тосмосунда калышкан. Кырсыкка кабылгандардын 36сы аял, 31 эркек. Алардын саламаттыгы канагаттандырарлык деп билдирди басма сөз кызматынын өкүлү. Анын айтымында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги азыр кар көчкү баскан жерлерди тазалоо иштерин Транспорт жана байланыш министрлиги менен чогуу жүргүзүүдө.
Ушул эле күнү кар көчкүдөн Нарын районундагы Жан-Булак айылынын 25 жаштагы тургуну мерт болгондугу кабарланды. (BuS)

XS
SM
MD
LG