Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:27

Гаитиде 12-январда болгон жер титирөөдөн өлгөндөрдүн саны 230 миңге жетти


Гаити өкмөтүнүн айтымында, дагы канчалаган курмандыктар тууралуу кабар толук жете элек. Буга чейин зилзаладан 212 миң киши набыт болгону айтылган эле. Азыркы жаңыртылган көрсөткүч бул жолку зилзаладан көз жумгандардын саны Азияда 2004-жылы болгон цунаминин курмандыктарынын санына тең келгенин көрсөттү. Андагы цунамиден 235 миңге чукул адам мерт болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG