Бул тууралуу бүгүн өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы кабарлады. Алдын ала жыйынтыктарга караганда, Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович өткөн жекшембидеги шайлоодо 49 % добуш топтогон. Ал эми премьер-министр Юлия Тимошенкого шайлоочулардын 45 % добушун бергени айтылды. Украинанын шайлоо комиссиясы соңку расмий жыйынтыкты 17-февралга чейин чыгарышы керек. Бирок бюллетендердин баары саналып бүткөнүн билдирди. Янукович өзү жеңгенин жарыялады. Тимошенко болсо Януковичти “шайлоонун жыйынтыгын бурмалады” деп айыптап, өзүнүн жеңилгенин мойнуна алган жок.